Ссылки доступа

Назарбаев Москвадагы парадга катышты


Орусиянын президенти Владимир Путин Нурсултан Назарбаевге Улуу Жеңиш күнүн Москвада өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул-өзгөчө мамилебиздин, союздук жылуу алакабыздын белгиси. Биз үчүн бул абдан жагымдуу, сизге ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. Мындай кадамыңыз ишенимди арттырып, достук мамилебиздин өнүгүшүнө өбөлгө болот”, - деди Орусия президенти.

Нацисттик Германияны жеңген күн Орусияда жана СССРдин бир катар мурунку республикаларында “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү” катары майрамдалат. Украина Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти белгилейт. Көп жылдардан бери алгачкы ирет Белорусия, Казакстан жана Кыргызстанда аскерий парад болгон жок.

Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 50 миллиондон ашуун адам набыт болгон. Анын 27 миллиону СССРдин жарандары болчу.

XS
SM
MD
LG