Ссылки доступа

Орусияда кыргызстандыктарга кол салуу бейбаштык катары бааланды 


Москва меторосунун полициясы Кыргызстан жарандарына улутчул негизде салган топту кармады. Алардын иш-аракеттери “бейбаштык” катары бааланды. Бул үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кол салуу апрель айында эле болгон. Бирок окуя ИИМдин Москва боюнча Башкы башкармалыгынын маалыматынан кийин билинген. Кызуу абалдагы жаш балдардан турган топ метродо эки кыргыз мигрантын катуу сабап салышкан. Жабырлангандар шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген. Тартип сакчыларынын айтымында, такырбаштардын кол салуусу бейбаштык катары бааланган.

Жылына ондогон мигрант Орусиядагы улутчул топтордун кол салуусуна дуушар болот. “Сова” укук коргоочу борбордун маалыматы боюнча 2016-жылдын апрелинде эле Москва, Санкт-Петербург шаарларында, Москва жана Новосибирск облустарында, Забайкальеде алардын муштумунан 12 адам жабыр тартып, бирөө каза болгон.

XS
SM
MD
LG