Ссылки доступа

Дамаск Алепподогу убактылуу жарашууну эки күнгө узартты


Сириянын аскерий командачылыгы Алеппо шаарындагы ок атышпоо режими 10-майдан тартып 48 саатка узартылгандыгын жарыялады.

Буга чейинки келишимдер 9-майда күчүн жоготмок. Акыркы жумаларда бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн тирешүүсү күчөгөн. Натыйжада Сирия өкмөтү менен оппозициясынын Женевадагы сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн болгон жагдай жаралган.

Ок атышпоо режимин калыбына келтирүүгө умтулуп, тараптар 29-апрелден тартып бир нече келишимдерге кол коюшкан. Ага карабастан Алеппо шаарындагы тирешүү дале күчүндө.

XS
SM
MD
LG