Ссылки доступа

Ашраф Гани Дүйшөмбүгө келди


Бүгүн эртең менен Дүйшөмбүгө расмий иш сапары менен Ооганстан президенти Мухаммад Ашраф Гани келди. Аны аэропорттон өлкө премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Ушул эле күнү Ашраф Гани Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. 12-майда Ооганстан президенти САSA-1000 долбоорунун тажик бөлүгүнүн ачылыш аземине катышат. Аталган долбоордо электр энергиясын Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга берүү каралган.

Ошондой эле Ашраф Гани бул аземге келе турган Кыргызстандын президенти жана Пакистандын премьер-министри менен да жолугат.

Тажикстан менен Ооганстан 1992-жылдын 15-июлунан бери дипломатиялык мамиледе. Эки өлкө ортосунда кызматташуу жаатындагы 80ден ашуун документке кол коюлган. Тажик-ооган товар жүгүртүүсү былтыр 104 млн. АКШ долларын түздү. Унаа жана темир жол куруу, суу менен газ түтүктөрүн өткөрүү, электр чубалгыларын тартуу боюнча ири долбоорлор-жигердүү кызматташтыктан кабар берет.

XS
SM
MD
LG