Ссылки доступа

Тажикстандагы табият кырсыгы курмандыктарга алып келди


9-майда Согди облусунда жүргөн селдин айынан үч адам каза тапты. 10-майда куткаруучулар суудан акыркысынын сөөгүн алып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча штаб белгилегендей, 9-май күнү кечинде облуста нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу шамал болгон. Андан көбүнчө Айни менен Пенжикент жабыркады. Катуу жаандан жаралган суулар унаа жолун жууп кетип, азыркы тапта Айни районунун административдик борборуна барчу жол жабык боюнча калууда.

Согди бийлиги сел олуттуу зыян алып келгендигин маалымдады. Ондогон үй, мектептер жана ооруканалар, коомдук маанидеги башка объектилер, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жабыр тартты.

Тажикстандын гидрометеорология боюнча агенттигинин кызматкери Жамийла Убайдуллоеванын айтымында, синоптиктер жакынкы эки күндө өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында нөшөрлөгөн жаан менен катуу шамал болорун болжолдоп жатышат.

Алар Кофарнихон, Варзоб, Хингоб, Яхсу жана Кызылсуу дарыялары чегинен чыгып, айыл чарба жерлери менен үйлөрдү каптап кетиши ыктымалдуу экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG