Ссылки доступа

Эл аралык трибуналдын өкүмү менен исламисттердин лидери дарга асылды


Бангладеште исламисттердин диний партиясынын лидери, 72 жаштагы Мотиур Рахман Низами дарга асылды. Өкүм Дакка шаарынын борбордук түрмөсүндө ишке ашырылды.

Рахман Низамиге 1971-жылы көз карандысыздык үчүн болгон согуш учурунда оор кылмыштарды жасаган деген айып тагылган.

Өкүмдү ишке ашыруудан бир күн мурун жалпы өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жүздөгөн адам бул жазаны кубаттап көчөлөргө чыккан. Ал эми Низаминин тарапташтары түрмөнүн алдында нааразылык билдирип турушту.

Жамаат-э-Ислами партиясынын лидери адам өлтүргөндүгү, зордуктоолор жана интеллектуалдарды жок кылууну уюштургандыгы үчүн айыпталган. Исламчыл партиянын өкүлдөрүнүн үстүнөн болгон жараян жана 2013-жылы чыгарылган өкүмдөр Бангладеште зомбулуктун толкунун жараткан. Беш жүздөй адам баш-аламандыктын курмандыгына айланып, миңдеген исламчылар камакка алынган.

XS
SM
MD
LG