Ссылки доступа

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды


Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын мечитке баруусуна тыюу салды.

Майдын башында Анжиян облусунда жашаган ата-энелер Билим берүү министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн атайын кат алышкан. Катта ата-энелер балдарынын жүрүм-турумуна көз салып, диний агымдарга кошулуп кетишкен жокпу, көзөмөлдөп турууга милдеттендирилген.

Мындан тышкары жайкы эс алуу учурунда тилемчилик кылууга, бензин сатууга, базарда жана автоунааларды жууп иштөөгө дагы тыюу салынган.

Билим берүү министрлигинин катына ылайык, чоңдордун көзөмөлүсүз балдар кечки 18.00дан кийин тышка чыга алышпайт, интернет клубдарга бара алышпайт.

Болбосо, ата-энелерге катаал чара көрүлөрү жазылган. Балдардын жапырт намазга жыгылышына динаятчылар дагы каршы. Анжиян облусундагы мечиттерде өспүрүмдөрдүн ичкери киришине тыюу салган белги пайда болду.

XS
SM
MD
LG