Ссылки доступа

ИМ экстремисттик тобу смартфондор үчүн балдар тиркемесин чыгарды


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Android базасында смартфондор үчүн тиркеме чыгарды. Бул туурасында  Би Би Си кызматы кабарлады.

Жихадчылар жаңы тиркеме жөнүндө социалдык түйүндөрдө маалымдап, аны жүктөп алуу үчүн шилтемелерди жигердүү жарыялоодо. Алардын айтымында, программа балдарга араб тилин үйрөнүүгө жардам берет.

Түйүндөрдөгү скриншотторго караганда, ар бир тамга сүрөттөр менен коштолгон. Колдонуучулар аталган тиркемеден тийиштүү темадагы музыка уга алары белгиленет. Маселен, бала тамгалардын бирин басса, мылтыктын арабча айтылышы угулат. Башка тамгада танктын сүрөтү тартылган.

ИМ экстремисттик тобу Android базасындагы телефондор үчүн тиркемени буга чейин да чыгарган болчу. Анын жардамы менен бул топтун тарапташтары жихадчылардын акыркы жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан. Негизи эле ИМ согушчандары социалдык түйүндөр менен жигердүү активдүү колдонуп келишет.

XS
SM
MD
LG