Ссылки доступа

Орусия: Мамдума “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамды жумшартат


Коммерциялык уюмдар жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизилет. Натыйжада  кайрымдуулук уюмдары “чет элдик агенттер”  тизмесинен чыгууга мүмкүнчүлүк алат.  Бул туурасында бүгүн «Коммерсант» кабарлады.

Басылманын Мамдума жетекчилигиндеги жеке булагы билдиргендей, тийиштүү тапшырманы президент Путин берген.

Буга чейин кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери Орусиянын президентине кайрылуу жолдошкон. Анда “саясий ишмердүүлүк” деген түшүнүктү тактаган мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну депуттарга тапшыруу өтүнүчү камтылган.

Апрелде Мамдума “саясий ишмердүүлүк” деген түшүнүктү чечмелеген коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын Юстиция министрлиги тарабынан сунушталган түзөтүүлөрүн биринчи окууда эле талкуулабай туруп кабыл алган.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга президенттик Адам укуктары боюнча кеңеш да каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG