Ссылки доступа

Өлтүрүлгөн тажик генералынын уулу 22 жылга кесилди


Дүйшөнбүдө Тажикстандын мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын тун уулу 22 жылга эркинен ажыратылды.

28 жаштагы Бахтиёр Назаров конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга, массалык баш аламандыктарга чакырууга, оор кылмыш жөнүндө атайлап кабар бербөөгө аракет кылган деп айыпталган.

“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, Бахтиёр Назаровго өкүм бир ай мурун чыккан. Соттук жараян жабык эшик артында өткөн. Күч түзүмүндөгү өз булактар кабарлагандай, Бахтиёр Назаров менен чогуу сентябрда бийлик Абдухалим Назарзоданын башка эки баласын дагы кармап, кийин боштондукка чыгарган.

Генерал Абдухалим Назарзода өткөн жылдын сентябрь айында атайын опперация учурунда өлтүрүлгөн. Тажикстан бийлиги Назарзода тажик президенти Эмомали Рахмондун башкаруусуна каршы көтөрүлүш уюштурганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG