Ссылки доступа

Тажикстан: ТИКП лидерлери өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын (ТИКП) 13 активистинин иши боюнча Дүйшөмбүдө өткөн сотто прокурор төрт соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну өтүндү.

Прокурор алардын күнөөсү далилденгендигин билдирди. Калгандарын 8ден 23 жылга чейинки мөөнөткө абакка кесүүнү өтүндү. Бүгүн сотто жактоочулар менен соттолуучуларга сөз берилет.

Буга чейин тыюу салынган уюмдун жетекчилик курамындагы 13 адамдын кармалгандыгы кабарланган. Тажикстан бийлиги аларды куралдуу көтөрүлүшкө катыштыгы бар деп айыптоодо.

Жогорку сот 29-сентябрда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясын террорчу жана экстремисттик уюм деп таап, анын ишине тыюу салган. Чет өлкөгө качып кеткен партиянын төрагасы Мухиддин Кабири айыптоолорду четке кагып, саясий өңүттөн улам куугунтукталып жатышкандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG