Ссылки доступа

АКШ: экстремисттик топто тиешеси бар Өзбекстан жараны кармалды


Ушуну менен Өзбекстандын алтынчы жаранына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдоого алгандыгы үчүн айып тагылууда. 28 жаштагы Азизжон Рахматов 11-майда камакка алынган. Кылмыш иши Нью-Йорк штатынын Бруклиндеги федералдык сотуна жөнөтүлгөн.

Прокуратуранын жүйөсүнө караганда, Рахматов - ИМ экстремисттик тобуна кошулууну самагандарга жардам берген түйүнгө мүчө. Ал Сирияга баргысы келгендер үчүн каражат топтоо менен алектенген.

Бруклинде жашаган Өзбекстандын дагы бир жараны Абдурасул Журабоев интернет сайттардын биринде ИМ тобун колдогон пост жазып, полициянын көңүлүн бурган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Бруклинде жашаган Казакстандын жараны Акмал Закиров менен бирге Сирияга барып, экстремисттерге кошулууга ниеттенгендиги аныкталган.

Рахматов жана ушул эле кылмыш иши боюнча суралып жаткан Аброр Хабибов, Дильхайот Касимов, Акмал Закировдор Сайдахметовго жардам берүү үчүн акча чогултуп жүрүшкөн. Сайдахметов 2015-жылдын февралында Нью-Йорктун аэропортунан Стамбулга учуп кетүүгө аракет кылган учурда кармалган. Былтыркы жылдын августунда Журабоев күнөөсүн мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG