Ссылки доступа

Москва: Румыниядагы ракетага каршы коргонуу системасы коопсуздукка шек келтирет


Москва Кошмо Штаттардын Румыниядагы ракетага каршы коргонуу системасы Орусиянын улуттук коопсуздугуна шек келтирет деп эсептейт.

Бул туурасында "Интерфакска" Орусиянын ТИМинин куралданууга көзөмөл кылуу маселелери боюнча департаментинин директору Михаил Ульянов билдирди. Ал орто жана жакын аралыкка атылуучу ракеталар жөнүндө макулдашуулар бузулгандыгын белгиледи.

Бүгүн АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү Румыниядагы аземде ракетага каршы коргонуу системасынын бир бөлүгүнүн даяр экендиги жарыялайт. Вашингтон белгилегендей, бул Иран тараптан жаралышы мүмкүн болгон коркунучтан коргоонуу үчүн керек. Орусияга каршы багытталган эмес.

13-майда АКШ Польшанын аймагында РКК системасынын экинчи объектин орнотуу иштеринин башталгандыгын расмий түрдө шардана кылат.

XS
SM
MD
LG