Ссылки доступа

Өзбекстан:тооккана салууга 27 миң доллар жумшалган


Анжияндагы мечит кызматкерлери 173 миллион сумга (27 миң доллар) тооккана салышкан. Буга чейин«Холид ибн Валид» мечитинде садака-битирден чогулган ири суммадагы каражат максатсыз чыгаша болгондугу кабарланган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын укук коргоо органдарындагы өз булагы билдиргендей, мечиттин имамы, кызматкери жана бухгалтери чогулган каражаттын бир бөлүгүнө жөжөлөрдү сатып алып, тооккана уюштурушкан.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, тооккана салык кызматынын каттоосунан өткөн эмес. Демек, анын мечиттке таандык экендигин тастыктаган документ жок. Жеке булактын айтымында, тооккана садакалардан түшкөн акчага салынып, сол чөнтөктү кампайтууга багытталган.

Мечиттин бир кызматкери чогулган каражатка чындап эле жөжөлөр сатылып келип, тоокккана уюштурулганын ырастады. “Биз бул акчаны үстөк пайыз менен карызга бере албайбыз, Ошондуктан жөжөлөрдү сатып алдык. Алар кичине чоңойгондо сатып, акчаны кайра мечитке кайтарабыз деп ойлогонбуз. Жаман ниетибиз жок болчу”,-деди ал.

Учурда мечиттин бухгалтери иштен айдалган. Имам жана мечит кызматкери тергөөдөн өтүүдө. Буга чейин алар каражат ремон үчүн жумшалганын айтышкан болчу.

XS
SM
MD
LG