Ссылки доступа

Казакстанда “жер комиссиясы” түзүлдү


Кечээ Астанада өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүп, жер реформасы боюнча комиссия түзүү маселеси талкууланды. Мындай демилге менен чыккан Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жер кодексинин айрым ченемдерине мораторий жарыялагандыгын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, отурумда комиссиянын жетекчиси-Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев сөз сүйлөдү. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бул комиссиянын мааниси чоң экендигин белгилеп, маалымат жана байланыш министрлигине анын ишин чагылдырууну тапшырды.

Комиссиянын курамына парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, саясий партиялардын жана агробизнестин, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү, окумуштуулар менен жарандык активисттер киргизилет. Ошондой эле коомдук кеңештер да бул ишке тартылмакчы.

Өткөн жумада болгон өкмөттүк кеңешмеде президент Нурсултан Назарбаев өлкөдө массалык нааразычылык акцияларына алып келген жер кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө мораторий жарыялай тургандыгын билдирген. Ал бул чечимин адегенде жер реформасынын зарылдыгын калкка маалымдоо керектиги менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG