Ссылки доступа

Орусия аскер кызматкери Сириядагы аткылоодон мерт кетти


Орусия бийлиги Сириянын Хомс провинциясындагы аткылоодон улам орусиялык жоокер набыт болгондугун кабарлады.

Орусиянын коргоо министрлиги 11-майда Антон Ерыгин согушкерлердин аткылоосуна кабылып, алган жараатынан ооруканада көз жумгандыгын билдирди. Ерыгин Сириядагы орусиялык Жарашуу борборунун унаа колоннасын коштоп бараткандардын арасында болгон.

Дарыгерлер Ерыгиндин өмүрү үчүн эки күн бою күрөшкөн. Жоокер көзү өткөндөн кийин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлдү.

Расмий маалыматтар боюнча Антон Ерыгиндин өлүмү Сириядагы согуштук иш-аракеттер башталгандан берки орусиялык аскерлердин арасындагы тогузунчу жоготуу болуп калды.

XS
SM
MD
LG