Ссылки доступа

Азербайжан Европада кумсалар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды


Азербайжан Европа чөлкөмүндөгү мамлекеттер арасынан сексуалдык азчылык өкүлдөрү үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

ЛГБТ коомунун укуктары боюнча ILGA-Europe Rainbow Index изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, Азербайжандан кийинки эң начар көрсөткүч Армения менен Орусияга таандык. Укуктар тең сакталган алдыңкы үч мамлекет - Мальта, Белгия жана Британия.

Чөлкөмдөгу 49 мамлекет арасында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы 10-майда жарыялады.

Азербайжанда бир жыныстуулардын мамилесине мыйзам менен тыюу салынган эмес. Бирок адистер быйыл кумсаларды жек көрүү тенденциясы өскөнүн, сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата атайын жасалган кылмыштар көбөйгөнүн белгилешет.

XS
SM
MD
LG