Ссылки доступа

Армения менен Азербайжан лидерлери ЕККУ ортомчулугу алдында жолугат


Armenia - A soldier of the self-defense army of Nagorno-Karabakh carries weapons in Martakert province, which according to Armenian media was affected by clashes over the breakaway Nagorno-Karabakh region, April 4, 2016
Armenia - A soldier of the self-defense army of Nagorno-Karabakh carries weapons in Martakert province, which according to Armenian media was affected by clashes over the breakaway Nagorno-Karabakh region, April 4, 2016

Тоолуу Карабактагы куралдуу чыр-чатактан улам Армения менен Азербайжан президенттери Серж Саргсян менен Илхам Алиев 16-майда Венада ЕККУнун ортомчулугу менен жолугушат.

«Бул жолугушууга даярдыктар жүрүп жатат. Анда Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси каралат”, - деди Орусия ТИМ башчысынын орун басары Григорий Карасин. Анын айтымында, Венадагы сүйлөшүүлөргө АКШ мамкатчысы Жон Керри, Орусия менен Франциянын ТИМ башчылары Сергей Лавров менен Жан-Марк Эйро да катышмакчы.

Алар Венага Сириядагы кризисти талкуулоо максатында барышат. Орусия, Франция жна АКШ ЕККУнун Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Минск тобуна тең төрагалык кылышат.

Минск тобунун тең төрагалары 2-майда билдирүү таратышкан. Анда аталган үч өлкөнүн ТИМ башчылары Армения менен Азербайжандын ортосунда ишеним жаралып, ок атышпоо режимин бекемдөөгө жетишүүнү максат кылган жолугушуу өткөрүүгө көмөктөшө тургандыгы белгиленген.

Документте Карабак көйгөйүн согуш жолу менен чечүү мүмкүн эместиги жана куралдуу зомбулукка чек коюлбаса, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай тургандыгы баса белгиленген.

XS
SM
MD
LG