Ссылки доступа

Астанада “жер маселеси” боюнча комиссиянын отуруму болот


Kazakhstan -- protest rally in Atyrau, 24apr2016

Kazakhstan -- protest rally in Atyrau, 24apr2016

Казакстан премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев маалымдагандай, “жер маселеси” боюнча комиссиянын алгачкы отуруму 14-майда Астанада өтөт.

Сагинтаевдин айтымында, комиссиянын курамына 75 адам кирген. Алардын арасында парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, агробизнестин өкүлдөрү, окумуштуулар, жарандык активисттер бар. Ошондой эле Алматы менен Астана шаарларына жана облустардын акиматтарына караштуу коомдук кеңештер да бул ишке катышат. Комиссиянын иши туурасында маалымат Jerturaly.kz. порталына жайгаштырылат.

Казак бийлиги “жер маселеси” боюнча комиссия түзүлө тургандыгын жер кодексине айрым түзөтүүлөрдү киргизүүгө мораторий жарыялангандан кийин билдирген. Аталган мораторий Казакстандын бир катар шаарларында массалык нааразычылык акциялары өткөндөн кийин жарыяланган.

XS
SM
MD
LG