Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай,аларга “бийликти күч менен басып алууга жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдык” деген беренелердин негизинде иш козголду.
УКМКнын маалыматына караганда, тергөөгө чейинки материалдар аталган жарандар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө, бийликти күч менен басып алууга камданып жатканын көрсөткөн. Ошондой эле алар курал колдонууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү үч киши УКМКда сурак беришүүдө. Козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө жүрүп жатат.
“Элдик парламент” уюму бүгүн жыйын өткөрүп, 17-майга чейин Атамбаев кызматынан кетүүсүн талап кылган. Алар ошондой эле учурда камакта жаткандар 17-майда бошотулат деп айтышкан эле.