Ссылки доступа

Тажикстан: табият кырсыгына кабылгандар көчүрүлүүдө


Tajikistan,Darvoz,district, flood in Zing Darvoz,12May2016
Tajikistan,Darvoz,district, flood in Zing Darvoz,12May2016

Тажикстанда кара нөшөрдүн айынан жүздөгөн үйлөрдү суу каптап, жүздөгөн адамдар эвакуацияланды. Жер көчкү жүрдү.

Бейшембиге оогон түнү баш калаа Душанбенин айланасындагы миң чамалуу турак жайды суу каптаганын өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Ориф Нозимов кабарлады. Ал үйлөрдүн тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Өлкөнүн башка да райондорунда сел жана жер көчкү жүргөн. Аз күн мурда жер көчкү басып, үч адам набыт болгону да кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар комитети жарандарды жабыркаган райондорго каттабай турууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG