Ссылки доступа

АКШ: ракетадан коргонуу жайы Орусияга каршы багытталган эмес


Эгер Орусияны токтотуу керек болсо, АКШ муну ачык эле жасамак. Мындай пикирди АКШ коргоо министринин орун басары Роберт Уорк Румыниянын түштүгүндөгү Девеселуда жайгаштырылган ракетага каршы коргонуу жайынын ачылышында  билдирди.

Девеселу кыштагында НАТО Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен АКШ коргоо министринин орун басары Роберт Уорктун катышуусунда басма сөз жыйыны өткөрүлгөн. Йенс Столтенберг бул система орусиялык континенттер аралык ракеталарды атып түшүрө албай тургандыгын жана Иранга каршы багытталгандыгын белгиледи.

"Бул система коргонууга гана ылайыкталган. Ал Румыния менен Польшада туруп орусиялык континенттер аралык баллистикалык ракеталарды атып түшүрө албайт. Биздин система евро-атлантикалык аймактан сырткары жактан туулган коркунучтарды болтурбоого багытталган. Бул жөнүндө Орусияга көп жолу айтканбыз”, - деди НАТОнун баш катчысы.

Аянты 170 гектар келген жайга Aegis үлгүсүндөгү радар менен катар орто жана алыска аралыкка учуучу ракеталарды кармап, керектен чыгарууга жарамдуу SM- 3 ракеталарынан 44 даана орнотулган. Румыниядагы бул аскерий объектти башкарууну быйыл июль айынан тарта НАТО жүргүзөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG