Ссылки доступа

Укук коргоочулар "Крым.Реалии" сайтын калыбына келтирүүгө чакырышууда


Журналистерди коргоо боюнча эл аралык комитет орус бийлигине кайрылып, "Крым.Реалии" сайтына чектөө киргизүүнү токтотууга чакырды.

Маалымат алуу укугу Конституцияда жана Орусия кол койгон келишимдерге көрсөтүлгөнүн комитеттин Европа жана Борбордук Азия программасынын иликтөөчүсү Музаффар Сулейманов баса белгиледи. Анын айтымында, бийлик бул укуктан аша чаппай, сайтты тезинен калыбына келтириши керек.

Бейшембиде Орусия басып алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Азаттыктын” Крым кызматынын («Крым.Реалии») сайтына бөгөт коюлганын билдирген. Сайтты жабуу чечимине “Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо” мыйзамы негиз болгону белгиленет. Мыйзамда массалык башаламандыкка, экстремизмге чакырган же макулдашылбаган иш-чараларга катышкан сайттарга чек коюу тартиби каралган.

“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” башкы редактору Ненад Пейж радионун Крым кызматынын жабылышын экстремизм шылтоосуна жамынган цензура жана орус, крым элине аннексия тууралуу чындыкты угууга жолтоо болгон агрессиялык аракет деп сындаган.

“Крым.Реалии” Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин ишке кирген. Материалдар орус, украин жана крым-татар тилинде жарыяланат.

XS
SM
MD
LG