Ссылки доступа

Сирияда «Хезболланын» командири өлтүрүлдү


Сириядагы жардыруудан ливандык «Хезболла» шииттер тобунун командири набыт болгондугу кабарланууда.

«Хезболла» Мустаф Бадреддиндин өлүмүнүн жагдайлары туурасында маалымат бере элек. Анткен менен бул топко ыктаган ливандык Al-Mayadeen TV телеканалы ал израилдик авиациянын соккусунан мерт кеткендигин маалымдады. Израиль маалыматка түшүндүрмө берген жок.

Мустафа Бадреддин - Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүү боюнча айыпталып, сыртынан соттолгон төрт адамдын бири. «Хезболла» ал 1982-жылдан бери ислам каршылык көрсөтүү операцияларынын көпчүлүгүнө катышканын билдирди.

2008-жылы «Хезболланын» аскерий канатынын башчысы Имад Мугний өлтүрүлгөн. Ал Дамасктагы бомбанын жарылуусунан мерт болгон. Бадреддиндин өлүмү шииттер тобунун андан кийинки оор жоготуусу болуп калды.

XS
SM
MD
LG