Ссылки доступа

Өлкөдө селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө


Өлкөнүн айрым райондорунда нөшөрлөп жааган жамгыран улам сел жүрүп, үйлөр суу алдында калып жолдор жана каналдар жабыркады. Бул тууралууӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сел Баткен облусунун Лейлек, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ош облусунун Кара- Суу, Кара-Кулжа райондорунда катталды.

Токтогул районунун Тактык жайлоосундагы табият кырсыгы 100 баш малды агызып кетти. Азыр чыгымдарды тактоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү аймакта жүрөт.

XS
SM
MD
LG