Ссылки доступа

Крымда сталиндик депортациянын жылдыгы белгиленүүдө


Крымда "Чатырдагга чыгуу” аттуу акция болуп өттү. Ал 1944-жылы крым татарларынын депортация болгонунун жылдыгына арналган. Иш-чарага үч миңден ашуун адам катышты.

Бул туурасында Крым менен Севастополь шаарынын мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтында маалымдалат. Тоого чыгардын алдында Крым муфтийи Айдер Исмаилов крым татарларына кайрылып, кандай болгон күндө да дайыма ынтымакта болуп, көңүл чөктүрбөгөнгө чакырды.

Сталиндин жарлыгы менен 1944-жылдынмай айында Крымдан 200 миңге жакын татар депортацияланган. Аларды Орто Азия, Сибир жана Уралга жөнөтүшкөн.

Жер которууга арналган эскерүү акциясы пикет түрүндө Төмөнкү Новгород шаарында да өттү. Аны “Солидарность” (“Шериктештик”) коомдук кыймылынын жергиликтүү бөлүмү уюштурду. Пикетке он чакты адам катышты. Алар колуна сталиндик репрессиялардын кайталанышына жол берилбеш керектигине чакырган плакаттарды кармап алышкан.

XS
SM
MD
LG