Аталган комитет жетекчилигинин айтымында, бул курстар жөндөмдүү аялдар менен кыздардын арасынан жетекчи кадрларды тандап алуу жана тарбиялоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлүүдө.
Мындай чечим тажик аялдарынын коомдогу ролун арттыруу боюнча мамлекеттик программанын 10 жылдыгынын урматына кабыл алынган.
Азыркы тапта Тажикстандын калкынын 54 пайызын аялдар түзөт. Бирок аялдардын макамын жогорулатууга арналган көптөгөн багыттамаларга карабастан, мамлекеттик кызматтардагы аялдардын саны кыйла аз. Расмий маалыматтарга караганда, тажик өкмөтүндөгү жетекчилик кызматтын 27 гана пайызын аялдар ээлейт. Эреже катары алар орун басарлык кызматта иштешет.