Ссылки доступа

Алматыда аялдарын ийинге отургузуп жарышуу боюнча чемпионат өттү


Мындай кызыктуу жана адаттан тыш мелдеш Эл аралык үй-бүлө күнүнө арналган. Ага расмий никеси бар жубайлар гана катышты.

Оюндун шарты боюнча жарыштын катышуучусу марага биринчи келүүдөн мурда, аялын түрдүү жарааттан коргошу керек. Болбосо айып салынат же оюндан четтетилип калышы мүмкүн. Жубайын колуна же аркасына көтөрөбү– айырмасы деле жок. Айымдардын салмагы 49 килограммдан кем болбошу шарт. Антпесе эркекке кошумча жүк илип коюшат.

Мындай таймаш (Wife carrying World Championship) Финляндиянын Сонкаярви шаарында 1992-жылдан тартып жылына өткөрүлүп турат. Азыркы тапта аны бир катар Европа өлкөлөрүндө, Азия жана Америкада уюштурушууда.

XS
SM
MD
LG