Ссылки доступа

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленди


Кыргызстандыктар 15-майда Энелер күнүн майрамдашты. Өлкөдө бул дата президенттин 2012-жылдагы жарлыгынын негизинде майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев майрам алдында 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Даңк» медалын ыйгарды.

Мындан тышкары өлкөнүн атын тааныткан - Орусияда метрого түшүп кеткен аялды куткарган Марат Исаевдин, спортчулар Валентина Шевченко менен Айсулуу Тыныбекованын, футбол боюнча эл аралык калыс Бахадыр Кочкаровдун жана “Азия MIX” КВН тобун түзгөн Элдияр Кененсаровдун апаларына сыйлык тапшырган.

XS
SM
MD
LG