Ссылки доступа

Азербайжан, Грузия жана Түркия биргелешкен машыгуу өткөрөт


Азербайжан, Грузия жана Түркиянын Коргоо министрлигинин башчылары Габалда алдыдагы биргелешкен аскердик машыгууну талкуулашты.

Министрлердин бул жолугушуусу бүгүн Венада пландалып жаткан Азербайжан менен Армения президенттеринин, мындан тышкары Орусия, Кошмо Штаттар, Франциянын дипломаттарынын катышуусунда боло турган сүйлөшүүлөргө дал келди. Австрияда Тоолуу Карабак маселеси такууланат.

Өзүн өзү республика деп жарыялап алган Тоолуу Карабакта 2-апрелде абал курчуп, куралдуу кагылыш болгон. Ондогон адамдын өмүрү кыйылган. 5-апрелде ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашууга жетишилген. Ошондон бери жаатташкан тараптар маал-маалы менен бири-бирин тынчтыкты бугандыгы үчүн айыптап келишет.

1988-жылдан 1994-жылга чейинки убакытта аймакта куралдуу жаңжал болуп, натыйжада 30 миңдин тегерегиндеги адам өлгөн. Тоолуу Карабак болсо Азербайжандан бөлүнүп кеткен.

XS
SM
MD
LG