Ссылки доступа

Макгерк: ИМ экстремисттик тобунун Сирия менен Ирактагы аймактары азаюуда


АКШнын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча коалициядагы атайын өкүлү аталган топ Сирия менен Ирактагы ээлеген аймактынан кол жууп жаткандыгын кабарлады.

Бретт Макгерк кечээ Иорданиянын баш калаасы Амманда ИМ террордук тобу азыр коргонууга өткөнүн жана ээлеген аймактары азайып бараткандыгын маалымдады. Ошондой эле АКШ жетектеген коалиция Сириядагы Ракка менен Ирактагы Мосул шаарларын бошотууга аракет жасап жаткандыгын кошумчалады.

«Күнүнө Мосул шаарына таамай сокку урулууда. Жакынкы айларда Ракка шаарында да толук кандуу кысым көрсөтүү кампаниясы башталат”, - деди ал.

Бретт Макгерк АКШ президенти Барак Обама өткөн айда Сириянын түндүгүндөгү америкалык атайын бөлүктүн жоокерлеринин санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын белгиледи. Бул Сириядагы АКШ колдогон күчтөрдүн ийгилигин арттырууга көмөкчү болот.

XS
SM
MD
LG