Ссылки доступа

Окуучуларды макулатура жана Каримовдун китептерин тапшырууга мажбурлашууда


Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун окуучулары жараксыз кагаздарды (макулатура) чогултууга мажбур болушууда. Ага кошумча балдар мектепке президент Ислам Каримовдун экиден китебин алып келиши керек.

Союз мезгилиндеги өзбек жетекчилеринин милдеттүү турдө окулган китептери азыр макулатурага айланды. Алардын ордун азыркы президент Ислам Каримовдун китептери ээледи.

-Мектепте Каримовдун китептерин айнек текчелере жайгаштыра турганын айтышты. Мукабасы жума эмес, калыңдарын алып барышыбыз керек. Көрсө, бул китептер мектепте калат экен,-деп ачууланды “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде Сурхандарыя облусунун окууучусу.

Укук коргоочулардын айтымында, жараксыз кагаздарды балдарга топтотуу мыйзамга каршы келет. Бул алардын окуусуна тоскоолдук жаратат. Ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, балдарды мажбурлап макулатура жана металл жыйнатуу же алардын ордуна акча талап кылуу-өзбек бийлигинин негизги опузасы.

Облустагы мектеп директорлору макулатура чогултуу буйругу акимчиликтен түшкөнүн кыйытышууда. Жергиликтүү бийлик болсо ташырманы өкмөт бергенин айтат.

XS
SM
MD
LG