Ссылки доступа

Карагандылык жактоочу “Биринчи канал “Евразияны” сотко берди


Карагандылык жактоочу Нурхан Жумабеков бүгүн жарандык доо арыз менен Алматынын Бостандык райондук сотуна кайрылды. Ал “Биринчи канал” Евразия” (“Казакстандын биринчи каналы”) телеканалынын кожоюну болгон «Евразия+ОРТ» компаниясынан моралдык зыяндын кенемтесин төлөп берүүнү талап кылууда.

Доо арыз аталган телеканалдын алып баруучусу Аймира Шаукентаеванын Казакстандагы жер маселеси боюнча наарызылык акциялары акча төлөнүп уюштурулган деп айтканына байланыштуу берилген.

30-апрелде журналист теледен «бул акцияларга келген ар бир адам үчүн уюштуруучулар 50 доллардан 150 долларга чейин алышат” деп айткан. Өткөн жумада телеканалдын журналисттери чогулгандарга акча таратылып жатканда тартылган жашыруун тасманы обого чыгарышкан. Адамдардын жүздөрү кадрда көрсөтүлгөн эмес.

Жактоочу телеканалдан моралдык зыян үчүн 100 миң теңге талап кылды.

XS
SM
MD
LG