Ссылки доступа

“Жер комиссиясынын” мүчөсү отставкага кетем деп коркутууда


Оппозициялык маанайдагы саясатчы Зауреш Батталова “жер комиссиясынын” курамы алмашып, иш тартиби өзгөрбөсө андан чыгып кете тургандыгын билдирди.

Зауреш Батталова комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикирлери окшош, алар “премьер-министрдин орун басарынын алдында отчет берип жаткандай” сүйлөп жатышат деп нааразы болууда. Ага комиссиянын курамы, регламенти, добуш берүү тартиби жакпай жатат.

Батталованын пикиринде, комиссиянын курамына өлкөнүн ар бир аймагынан өкүл киргизилип, чечимдер көпчүлүк добуш менен эмес, орток пикирдин негизинде кабыл алынышы керек. Абал өзгөрбөсө, ал комиссиянын ишине катышпайм деп билдирди.

Жер реформасы боюнча комиссиянын алгачкы отуруму 14-майда Астанада өттү. Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 5-майда жер кодексине өзгөртүүлдөрдү киргизүүгө мораторий жарыялагандан кийин түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG