Ссылки доступа

Армения менен Азербайжан президенттери Венада Карабакты талкуулайт


.

.

Армения менен Азербайжан президенттеринин Венадагы жолугушуусу башталды. Тоолуу Карабакта апрель айында тутанып, бир нече кишинин өмүрүн алган чыңалуудан кийин Серж Саргсян менен Илхам Алиев алгач ирет кездешүүдө. Бул туурасында Твиттерге Армения президентинин басма сөз катчысы Владимир Акопян жазды.

Ортомчулук милдети ЕККУнун Минск тобуна тең төрагалык кылган өлкөлөргө - Орусия, АКШ жана Францияга жүтөлгөн. Сүйлөшүүлөргө Орусия жана Франция ТИМ башчылары - Сергей Лавров жана Жан-Марк Эйро, ошондой эле АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри катышууда.

Тараптар Тоолуу Карабак жаңжалын саясий жол менен чече турган билдирүү камдап жаткандыгы маалымдалууда.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. 5-апрелде тараптар ок атышууну токтотуу жараянын кабыл алса да, келишим толук сакталбай келет.

XS
SM
MD
LG