Ссылки доступа

Хованскийдеги мушташ боюнча Тергөө комитетинин коомдук кеңешинин мүчөсү кармалды


Хованский көрүстөнүнүн мурдагы директору Юрий Чабуев жапырт мушташ боюнча камакка алынды. Ал Орусиядагы Тергөө комитетинин коомдук кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Кармалган 14 адамдын арасында полиция кызматкери Никита Мошенко дагы бар. Тартип сакчысы бейбаштык беренеси боюнча айып тагылгандан кийин кызматтан кеткен.

ИИМ маалыматы боюнча көрүстөндөгү мушташка жалпысынан 200дөй киши катышкан. Үч адам набыт болуп, 20дайы ооруканага жеткирилген. Кагылышуу болуп жаткан жерге келген полиция 100гө чукул кишини кармап кеткен.

14-май күнү Хованский көрүстөнүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, мүрзөдө иштеп жаткан тажикстандык мигранттарга белгисиз топ келип кол салган жана акча талап кылган. Окуя боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG