Ссылки доступа

Тажикистанда дагы беш "салафит" эркинен ажыратылды


Жалолиддин Руми районунун Узун кыштагынын беш тургуну бийликти басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды.

23 жаштагы Абдулхамид Муннаваров, 24 жаштагы Умедджон Амонов, 22 жаштагы Сиратулло Саидов, 26 жаштагы Мансур Торунов менен 26 жаштагы Додарбек Мухаббатов биринчи жолу мыйзам бузуп жаткандыктан жана кичинекей балдары бар болгонуктан, алардын жазасы жумшартылган. Судья Сайфиддин Мухиддинзоданын белгилешинче, болбосо бул жаш жигитер катаал режимдеги колонияга кесилмек.

Соттук жараян учурунда прокурор билдиргендей, алар жыйындарда жана мечиттерде "Салафия" экстремисттик агымынын идеаларын жайылтышкан. Намазга жыгылуунун тартиптерин өзгөртүүгө жана өлгөн адамды эскерүү зыйнаттарын өткөрбөөгө үндөшкөн.

Айыпталуучулардын үйүнөн “Салафияны” даңазалаган адабияттар, дискттер табылган. Баардыгы тең 11-февралда кармалган.

XS
SM
MD
LG