Ссылки доступа

Швейцариялык чалгынчылардын купуя баяндамасы жарыяланды


Документте Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын криминалдык чөйрө менен болгон байланышына талдоо жүргүзүлгөн.

Михаил Ходорковский жетектеген “Ачык Орусия” коомдук уюмунун сайтында швейцариялык Талдоо жана алдын алуу кызматынын жашыруун отчету жарыяланган. Баяндама 2007-жылы чыгарылган. Анда Орусия жана мурдагы СССРге мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын кылмыш дүйнөсү менен болгон байланышы сүрөттөлгөн.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, атайын кызматтын криминалдык топтор менен байланышы күмөн жаратпайт. Кызматташуу негизинен табыгый ресурстарды чет өлкөгө экспорттоо алкагында болгондугу айтылат.

XS
SM
MD
LG