Кенемте төлөө үчүн атайын фонд түзүлмөкчү. Каменщиктин аны төлөп берүүгө макул болгондугу, аэропорттун менеджерлерине карата козголгон кылмыш ишин токтотууга көмөкчү болушу ыктымал экендиги кабарланууда.
Дмитрий Каменщик февралдан тартып үй камагында. Ал 2011-жылдын 24-январындагы терактка байланыштуу коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда. Теракт учурунда 37 адам каза таап, 170тен ашуун адам жабыр тарткан.