Ссылки доступа

Эл чогулбагандыктан "Элдик парламенттин" митинги болбой калды


"Элдик парламент" оппозициялык уюмунун Жеңиш аянтына белгилеген митингине саналуу гана адам келди.

Буга чейин уюмдун өкүлдөрү 50 миңге чукул киши чогула тургандыгын жарыя кылган. Акциянын катышуучуларына караганда ал жерде журналисттер жана күч кызматкерлери көбүрөөк санда келишкен.

"Элдик парламент" уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада алардын лидерлериники деген телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз жүрөт.

Көп өтпөй УКМК бул уюмдун лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берененин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алган. Бирок "Элдик парламент" бийликтин кылганы мыйзамсыз экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG