Ссылки доступа

Тажикстан: жыл бою жарык көрбөгөн мектеп (видео)


«Жарык жана жылуу класстар». Гусгеф кыштагынын балдары өз кыялдарын кагаз бетиндеги сүрөттөргө ушунтип түшүрүшкөн. Бул айыл Дүйшөбүнүн түштүгүнө карай 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Электр жарыгы эмне экендигин билишпейт. Окуучулар кышкысын жылытылбаган, суук класстарда билим алат.

Окуучулар эгер бардык шарт түзүлсө, жакшы окуй тургандыгын айтышат. Балдар кыялынын баасы – 16 миң АКШ доллары. Бул мектепке жагымдуу жагдай жаратуу үчүн Тажикстанда “Күнөстүү мектеп” акциясы өтүп жатат. Демилгечилер - эл аралык уюмда иштеген жаш балдар. Дүйнөдө белгилүү краунфандинг ыкмасын колдонуу менен алар айыл балдарынын тилегин орундатып, мектеп үчүн шарт түзүүгө бел байлашкан.

Демилгечилердин бири Наргис Жураеванын айтымында, акция 40 күнгө созулат. Бул убакыт аралыгында 8 миң доллар чогултуу керек. Эгер бул сумма топтолсо, калган 8 миң долларды БУУнун хорватиялык бюросу берет.

Гусгефдеги № 87 орто мектепте 130 окуучу билим алат. Кыштак Рамит капчыгайында жайгашып, деңиз денгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Бул жерде эч качан электр жарыгы болгон эмес, жашоочулар дизелдик генератор колдонушат.

XS
SM
MD
LG