Ссылки доступа

Астанада активисттерге митинг өткөрүүгө уруксат бербей коюшту


21-майда Астананын борбордук аянтында “жер маселеси” боюнча митинг өткөрүүгө уруксат сураган активисттерге баш калаанын акимчилиги макулдугун берген жок.

Аким Адилбек Жаксыбековдун колу коюлган жана уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсүн жарандык активист Бахытжан Торегожина Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Документке ылайык, кайрадан түзүлгөн “Алаш жолу” кыймылынын катышуучусубуз деген жарандык активисттердин тобу 21-майда “Байтерек” монументинин жанында митинг өткөрүү өтүнүчү менен акимчиликке кайрылган.

Жергиликтүү бийлик өз токтомунда аталган жер Астанада митинг өткөрүү үчүн аныкталган аймакка кирбей тургандыгын белгилеген. Ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо максатында ушундай чечим кабыл алынгандыгы кошумчаланган.

XS
SM
MD
LG