Ссылки доступа

40тан ашуун тажик жана өзбек мигранты Орусиядан чыгарылат


Москвадагы Хован көрүстөнүндөгү мушташтан кийин кармалган 40тан ашуун мигрант Орусиядан миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн чыгарылмай болду.

РИА Новости маалымат агенттигинин кабарлашынча, Тергөө комитети аларга карата Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча иш козгоду. 112 адам кармалып, алардын 40тан ашууну Орусиядан чыгарылышы мүмкүн.

ИИМ маалымдагандай, 14-майда болуп өткөн окуяга 200гө чукул адам катышкан. Тартип сакчыларынын пикиринде, чыр-чатак көрүстөндү тейлөө иштерине байланыштуу чыккан. Куралдуу кагылышуудан Тажикстандын үч жараны набыт болуп, 20дан ашуун адам ооруканага жаткырылган. Азыркы тапта бардык шаардык көрүстөндөрдө текшерүүлөр жүргүзүүлүдө.

Ал ортодо аталган көрүстөндүн мурдагы директору Юрий Чабуев кармалгандыгын “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Дүйшөмбүдө Преснен соту аны камакка алуу жөнүндө арыз бермекчи. Ушул эле отурумда кармалган башка 14 адамдын баш коргоо чарасы аныкталат.

XS
SM
MD
LG