Ссылки доступа

Украина жана Түркия аскер кызматташтыгы боюнча план бекитти


Украина жана Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн ортосунда имплементациялык аскердик кызматташуу планына кол коюлду. Бул Украинаны 2020-жылга чейин НАТОнун мүчөлүгүн киргизүүгө даярдык көрүү максатында жүзөгө ашууда.

План эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик кызматташуу тармактарын жана багыттарын аныктайт. Алардын арасында коргонуу тармагын реформа кылуу, аскерлерге билим берүү жана даярдоо, кеңеш берүү багыттамалары бар.

Өткөн аптанын соңунда Украина жана Түркия Кара деңиздеги аскердик аракет боюнча планды иштеп чыгууга макулдашкан. Андан тышкары аскердик-техникалык жана логистикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, өздүк курамды даярдоо боюнча орток пикирге келишкен.

Украина жана Түркиянын ортосундагы алака акыркы айларда жигердүү өнүгүүдө. Москва менен мамилеси солгундагандан кийин Анкара Укранинанын бүтүндүгүн жактаган эл аралык коомчулуктун көз карашын толугу менен кубаттап келет.

XS
SM
MD
LG