Түркияга учуп келген уйгурлар аэропортто Түндүк Кипрге учуу үчүн билет алып, паспорттук текшерүүдөн өтүшкөн. Алар транзиттик зонада төрт кишиден жасалма паспортторду жана Сауд Аравияга учак билеттерин алышкан. "Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евро жана билеттер үчүн 300 доллардан төлөшкөн" деп кабарлайт Нurriyet.
Аэропортто 98 кишилик топтон шектенген полиция аларды текшерген. Текшерүүдө жасалма документтерди жасады деген шек менен төрт киши камакка алынган. Расмий иликтөө иштери бүткөндөн кийин 98 уйгур Кытайга депортацияланат.