Ссылки доступа

Навальный кол салуу алдында полиция аны аңдууга алганын билдирди (видео)


Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды жана Коррупцияга каршы күрөш фондунда иштеген кызматкерлерди полиция төрт күн бою Анапада ачык эле байкоого алган. “Алар кол салуучу маалды координациялап турган”, - деп жазды саясатчы Твиттерге.

Алексей Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фондунда иштеген беш адам өлкө түштүгүндөгү Анапа аэропортунда кол салууга туш болушкан. Навальный билдиргендей, алар учактан чыгары менен бир канча киши ур-тепкиге алган. Полиция окуяга кийлигишкен эмес. Оппозиционер кол салууну бийлик уюштурганын жарыялаган.

Алексей Навальный жана анын фондунда иштеген 30дан ашуун кызматкер Анападагы айылдарда иликтөө жүргүзгөнү барышкан. Алар учактан түшөр замат белгисиз кишилер сүт куюлган баштыктарды ыргытып, “Биздин жерди жайына кой!” деп чуу салышкан.

XS
SM
MD
LG