Ссылки доступа

Украинанын Евровидениедеги жеңиши кайра каралбайт


Европанын кеңешме кошууну “Евровидение-2016” сынагынын жыйынтыктарын кайрадан карабай турган болду. Бул туурасында сынактын Фейсбуктагы расмий баракчасында кабарланган.

Еревандын тургуну Артур Ованесян Change.org сайтына аталган сынактын жыйынтыктарын кайрадан кароо зарыл деген петиция жайгаштырган. Аны 300 миңден ашуун адам колдогон. Ошондон улам сынактын уюштуруучулары атайын билдирүү жасоого мажбур болушкан.

Петиция орусиялык ММКлар менен социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Анда кандайдыр бир конкреттүү чечим сунушталган эмес. Негизи Change.org сайтына жайгаштырылгын петициялардын юридикалык күчү деле жок. Ошондуктан Европа кеңешме кошууну ага жооп кайтарууга милдеттүү деле эмес болчу.

Быйылкы жылдан тартып «Евровидение» добуштарды саноо системасына өзгөртүү киргизген. Мындан ары көрүүчүлөрдүн интерактивдүү добушуна калыстардын берген баасы кошулуп, орток жыйынтык чыгарылат. Орусиянын атынан катышкан Сергей Лазарев үчүнчү орунду алган. Көрүүчүлөрдүн эң көп добушуна ээ болгон бул ырчыны калыстар тобу бешинчи тизмеге жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG