Ссылки доступа

Тажикстан нөшөрдүн туткунунда калды (видео)


Таджикистан затопило: на республику обрушились проливные дожди
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин маалымдашынча, Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Рудаки районунда эле 10 миңге жакын адам жабыр тартты.

Тажикстан БУУ Өнүктүрүү программасы аркылуу эл аралык коомчулуктан суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга жардам сурады. 9-12-майдагы нөшөрлөгөн жаандан улам миңдеген үйлөр жабыркаган. Набыт кеткендер да бар.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет кабарлагандай, Рудакиде эле суу ташкынынан 2500 миңге чукул үй чарбалары жабыркаган. Пенжикент менен Айни районунда жүргөн селден улам 147 үй жараксыз абалга кептелди. Үч адам каза тапкан.

Синоптиктер өлкөдө туруксуз аба-ырайы дале өкүм сүрө тургандыгын айтып, жарандарды жер көчкү жана сел жүрүшү мүмкүн болгон райондорго баруудан баш тартууга чакырышууда.

Таджикистан затопило: на республику обрушились проливные дожди
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

XS
SM
MD
LG