Ссылки доступа

Өзбекстан: Каримовдун кызы сыйлык алды


Өзбекстан президентинин кенже кызы Лола Каримова-Тилляева Global Gift Foundation кайрымдуулук фонду тарабынан сыйлыкка татыганын социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу жарыялады. Ал Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп саналат.

Global Gift Foundation сыйылыгын тапшыруу аземи Каннда өттү. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул күндөрү Франциянын көгүлтүр жээгинде 69-Канн эл аралык кинофестивалы болууда.

Өзбекстан лидеринин үй-бүлөсү Канн фестивалынын көңүл ачуучу кечелерин калтырбайт. 2010-жылы Гүлнара Каримова аталган салтанаттын алкагында өтүүчү “Кино СПИДге каршы” кайрымдуулук кечесинде жаңжалдын шыкакчысы болгон. Өзбек президентинин тун кызынын бул иш-чарага катышуусун активисттер кескин сынга алган. Себеби ага чейин бир нече ай мурун Өзбекстанда СПИДге каршы күрөшүү багытындагы жигердүү активист, 28-жаштагы Максим Попов “ВИЧ жана СПИД бүгүн” деген китепче чыгаргандыгы үчүн жети жылга эркинен ажыратылган.

Анда кечени белгилүү жылдыздар менен өткөрүү үчүн Ислам Каримовдун кызы 500 миң АКШ долларын төлөгөндүгү боюнча маалыматтар таркаган.

XS
SM
MD
LG