Ссылки доступа

Freedom House расмий Астананы активисттерди бошотууга чакырды


Эл аралык укук коргоочу уюм Казакстандын өкмөтүн 21-майда “жер маселеси” боюнча митингге катышысы келген активисттерди бошотууга чакырды.

Уюмдун өкүлү Роберт Хермандын пикиринде, активисттердин митинг уюштурууга ниеттенгендиги үчүн күнөөлөнүшү жана митингди болтурбоо аракеттери Казакстан өкмөтүнүн башка көз карашты кабыл алгысы келбегендигин көрсөтүп турат.

Шейшембиден тарта Казакстандын шаарларында кеминде 12 адам камакка алынган. Алматыда 5 адам, анын ичинде укук коргоочу Бахытжан Торегожина 15 суткага, Астанада активист Максат Ильясулы 10 суткага камалган. Ал президент Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы менен түзүлгөн жер реформасы боюнча комиссиянын ишине катышкан. Оролдо акын жана жарандык активист Жанат Есентаев үч суткага, ал эми Атырауда жергиликтүү активисттер - Макс Бокаев менен Талгат Аян да убактылуу тергөө жайынын абагына жеткирилген.

Интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө “жер маселеси” боюнча пикирин билдиргендерди полиция менен прокуратурага чакырып, суракка алып жатышкандыгын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG